3 августа 2015, 09:28

Таластын акими Райкан Өзүбеков кызматтан алынды

Талас районунун акими Райкан Өзүбеков кызматтан алынды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. 

Эске сала кетсек, Премьер-министр Темир Сариев, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак кениндеги “Казахмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен ишканасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып Талас районунун акимин кызматтан алаарын айткан. 

Премьер-министр өз сөзүндө «Эки жумадан бери ал оорулуу баракчасын ачтырып, ишке чыкпай жатат. Ошол эле учурда ал жергиликтүү кеңештин жыйынын уюштуруп, саясат менен алектенүүдɵ. Талас районунун акими аталган аймактагы Өкмɵттүн ыйгарым укуктуу ɵкүлү болуп саналат жана анын милдетине тургундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, элге жардам кылуу, аймакты ɵнүктүрүү иши кирет. Ал анын ордуна митингдерди уюштуруп жүрɵт»,-деп билдирген болчу. 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021