3 августа 2015, 13:17

Япония Кыргызстанга шайлоого карата техникаларды белекке берди

Япония Кыргызстанга шайлоого карата техникаларды белекке берди. Шайлоо процессинде шайлоочулардын идентификациялоо процесстерин автоматташтырууга арналган жабдууларды берүү салтанаты бүгүн, 3-августта Бишкекте Өкмөт үйүндө болду. Кыргызстандын өкмөтүнө 3 миң ноутбук, ушунча эле сандагы баш бармактын тагын ала турган сканер, термопринтер, 2,5 миң дубалга илген монитор жана бир комплект сервердик, ошондой эле бир түйүндүк жабдууну белекке беришти. 

Жабдуулар Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын (ПРООН) негизинде, Япониянын колдоосу менен "2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин жүрүшүндө идентификациялоо процессин автоматташтыруу" программасынын алкагында тапшырылды.

Долбоордун бюджети 740 млн япон иени ($6 млн) турат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021