3 августа 2015, 14:13

Премьер-министр TBEA компаниясынын төрагасы менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо долбоорун талкуулады

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри TBEA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Синди кабыл алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууда TBEA компаниясы Кыргызстанда ишке ашырып жаткан Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы жана Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо долбоору боюнча талкууланды.

Премьер-министр Темир Сариев TBEA компаниясы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын билдирди. Темир Сариев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Чжан Син мырза TBEA компаниясы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу иштери аяктаганын, аны өз убагында ишке берилерин убада кылды. Ал эми ишкек жылуулук борборун модеринизациялоонун алкагында быйылкы жылдын октябр айына чейин борбордогу демонтаждоо  бүткөрүлүп, курулуш иштери башталарын кабарлады.

Жолугушуу жүрүшүндө TBEA компаниясы менен башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары да талкууланды.

Премьер-министр TBEA компаниясынын төрагасы менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо долбоорун талкуулады

Премьер-министр TBEA компаниясынын төрагасы менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо долбоорун талкуулады

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021