3 августа 2015, 14:18

Каржы министрлиги: 2016-жылга бюджет долбоору Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн эске алуу менен түзүлдү

2016-2018-жылдарга бюджет долбоорунун киреше бөлүгү боюнча эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошуулуусун эсепке алуу менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында өтүп жаткан келээрки жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кирешелерди пландоо башкармалыгынын болүм башчы Каныбек Ганыев билдирди. 

Анын айтымында 2016-жылга мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери 131,8 млрд. сомго пландалууда, кирешелер 2015-жылдын такталган бюджетинин көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 6 млрд. сомго көбөйөт. Жалпы кирешелердин ичинен салык кирешелери 104,5 млрд. сомго, салыктык эмес кирешелер 15,4 млрд. сомго, расмий трансферттердин көлөмү 11,6 млрд. сомго болжолдонууда. “Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусун эсепке алганда кыйыр салыктарды жыйноо Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлө баштайт. Ошондуктан, бюджет долбоорунда Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 14,5 млрд. сомго көбөйүү менен 69,2 млрд. сомду түзөт, ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери 2,8 млрд. сомго азаюу менен 29,9 млрд. сомду түзөт”, –деп кошумчалады Каныбек Ганыев.   Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Евробиримдиктин “Кыргыз Республикасындагы билим берүү секторун колдоо” долбоорунун көмөктөшүүсү менен Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017 жылдарга болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021