4 августа 2015, 12:28

Каназаров кимге иштеп жатат?

Мурдараак «Азаттык» үналгысынын азыркы Бишкектеги деректири Султан Каназаровдун «Республика-Атажурт» партиясына кирип, депутат болуу аракети бар экенин айрым гезиттер жазып чыккан болчу. Андан кийин ал аталган партияга кызмат кылууга жазмакерлерден команда топтоп жатканын да укканбыз. Азыр шайлоого аз калганда, бул даана көзгө көрүнүп калды. Айталы, учурда Султан колундагы АКШ каржылаган маалымат ресурсун так ошол партиянын пайдасына буруп, башка партияларга карата бир беткей маалыматтарды тарката баштады. Мисалы, жуманын башында Таласта «Кыргызстан» партиясынын эл менен жолугушуусунан кийин ырчы Омардын өзүнүн кайсы бир каржылык чыры менен кармалышын «Азаттык» мамлекеттик деңгээлге алып чыгып чуулдатып, аталган партияны атына басым жасап туруп алганын бүт журт укту. Мындай партиялык макала дардаган журналисттерге да “баракелде”. Демек, Султан баатыр маалыматтык жагынан шефи Өмүрбек Бабановго катуу кызмат кылып, анын көңүлүн алып жатат десек болот. Бул жол менен кете берсе «Азаттык» менен НТСти аз күндү айырмалай албай калат окшойбуз.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021