4 августа 2015, 13:19

«Бир Бол» партиясы жана «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» саясий партиясынын биргелешкен билдирүүсү

«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы жана «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн альянсы» саясий партиясы бир саясий күч болуп алдыдагы парламенттик шайлоодо “Бир Бол” партиясынын тизмеси менен катышарын билдиришет.

Буга партиялардын идеологиясынын бирдейлиги, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча бирдей көз-карашта болуусу шарт түздү. Бул чечим эки партия ортосундагы толук ишенимге негизделген. Эки партия тең саясий жоопкерчиликти алып, мамлекеттин биримдигине жана туруктуулугуна багытталган принциптерди карманууга ниеттенет.

Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан коопсуздук маселесинде эл аралык экстремизм, терроризм сыяктуу  ар кандай коркунучтарга дуушар болуп келет. Глобалдык экономикалык кризис, планетанын айрым жерлериндеги конфликттер, түшүнбөстүктөр өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Тарыхка, өткөн замандарга көз чаптырып көрсөк,  элдер тышкы коркунучтардан биримдик менен гана өздөрүн сактап келишкен. Мындай биримдиктин өзөгү мекенчилдикте, өлкөнүн тагдырына болгон чоң жоопкерчиликте, анын келечегине кайдыгер карап тура албагандыкта жатат. Баарыбыз үчүн маанилүү, баарынан бийик турган - мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген ыйык баалуулук бар. Бийликти демократиянын, ак ниет башкаруунун, натыйжалуу рынок экономикасынын принциптеринде бекемдөө зарыл. Сырткы жана ички ар кыл коркунучтарга элибиз бир болгондо гана туруштук бере алат. Ал эми биримдиктин негизин мыйзам, тартип жана да тартип түзөт.

«Бир Бол» жана «Кыргызстан саясий күчтөрүнүн Альянсы» саясий партиялары жарандарды жана саясатчыларды мамлекеттин туруктуулугу жана өнүгүшү үчүн бир болууга, ал эми бийликтегилерди алдыдагы парламенттик шайлоону таза жана айкын  өткөрүүгө чакырат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021