4 августа 2015, 14:45

А.Атамбаев КЭРнын Төрагасы Си Цзиньпинди Пекиндин 2022-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарынын борбору болуп тандалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Пекиндин 2022-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндарынын борбору болуп тандалышы менен куттуктады. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Сиздин мамлекет дүйнөлүк масштабда талашсыз авторитетке ээ, ал эми Кытайдын учурдагы жетишкендиктери  Сиздин да жеке ийгилигиңиз деп бекем ишенем”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Мамлекет башчысы 2008-жылы жайкы Олимпиаданын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, 2022-жылдагы Олимпиада да кышкы оюндардын тарыхында татыктуу жана ажайып кооз окуя болуп калаарына ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинге бекем ден-соолук, кытай элинин бейпилдиги жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик кызматында чоң ийгиликтерди каалады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021