4 августа 2015, 16:56

Эртең Бишкекке Түркмөнстандын президенти Г.Бердымухамедов келет

Эртең, 5-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, түркмөн тарап менен эки тараптуу жолугушууларда саясий сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү жана соода-экономикалык, отун-энергетикалык жана транспорт чөйрөсүндө Кыргызстандын Түркмөнстан менен келечектүү кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттерди талкуулоо пландалууда.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында билим берүү, илим, маданият, айыл чарба жаатында, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аймактык кызматтыштык жана башка кызматтыштык тууралуу бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландалган.

Иш сапардын алдында 4-августта Бишкек шаарында тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Түркмөнстан” бизнес-форуму өтөт. Соода-экономикалык мамилелердин маанилүү багыттары эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы түз байланышты өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналарын эске алуу менен бирдиктүү бизнес-форум өткөрүү бул чөйрөдө кызматташтыкка түрткү берет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021