4 августа 2015, 18:09

Зарылбек Рысалиев, экс-ички иштер министри: “Өрттөлгөн иште Текебаевдин жалган көрсөтмөлөрү болгон”

- Зарылбек мырза, “Ата Мекен” партиясы сиздин үстүңүздөн милицияга арыз жазып, ал эмес психикалык анализ өткөрүүнү да талап кылып жатыптыр. Бул партиянын мындай аракетин кандай баалайсыз?

- Эми бул жерде “ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат” болуп жатат. Мени психикалык жактан текшерүү керек дегени алардын акыркы амалдары. Чындыгында “Ата Мекен” партиясынын талап-тоноочулук иши 4 жылдан бери созулуп келе жатат. Текебаев Аида Саянова менен чогуу аталган ишти күбөлөрдү кошпой сотко өткөрүп таштаган. Ал эми мен айткан өрттөлгөн документтерде Текебаевдин жалган көрсөтмөлөрү болгон. Анан ага Рысалиевдин кандий тиешеси бар. Экинчиден, ошол имарттын экинчи этажындагы бир ишти өрттөө кимге керек? Логикалык жактан деле ойлонуп көрсө болот да.
- “Ата Мекен” партиясы сиздин үстүңүздөн арыз жазды эле. Укук коргоо орагандары суракка чакырган жокпу?
- Мени эч ким эч кайсы жака чакырган жок. Ата Мекен партиясы ушундай жол менен элдин көңүлүн башкага бурууга аракет кылып жатат. Морадерду морадер деп эле айтыш керек. Мен өмүр бою кылмыш иштерин ачып келген адаммын. Бул иш боюнча билбесем айтмак эмесмин. Буга чейин бул партиянын өкүлөрүн канча жолу дебатка чкыргам, келбей койду. Азыр да ыңгайсыз суроолорго чакырса Куранды кармап болсо да ушул сөздөрдү айтам. Негизи 4 жылдан бери бүтүндөй Ата Мекен партиясы жалгыз Рысалиев менен күрөшүп келет. Эгер мен жалган айткан болсом азыркыга чейин тытып жеп коюшмак. Анткени, аларда бийлик да күчтүү. Ошондуктан кандай болсо да морадерчулук ачыкка чыгып, ага тиешеси бар адамдар жоопко тартылышы керек.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021