5 августа 2015, 09:25

Конкурстук негизде тандалып алынган ажы башчыларга сертификат тапшырылды (СҮРӨТ)

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы быйылкы жылы конкурстук негизде тандалып алынган ажы башчылар менен жолугуп, аларга сертификат тапшырды. Бул тууралуу, КМДБнын басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Азирети муфтий ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү талабын койду. Ошондой эле ар бир ажы менен тыгыз мамиледе болуп, ажылыктын шарттарын, милдеттерин туура түшүндүрүү керек экендигин жолугушуу учурунда баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2015-жылдагы ажыларды тейлеп, аларга кызмат көрсөтүү максатында ажы башчылар ортосунда конкурс өткөргөн. Анын жыйынтыгында 72 ажы башчы тандалып алынган.

 

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021