5 августа 2015, 09:39

Казакстандын президенти Н.Назарбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча келишим долбооруна кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кириши боюнча ратификацияланган келишим долбооруна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча долбоорду ратификациялаган акыркы өлкө болуп калды. Буга чейин документти Армения, Белорусия жана Россия колдоп беришкен.

Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, чегаралар Евразиялык экономикалык комиссия Казакстандан Кыргызстандын ЕАЭБге кириши тууралуу баардык тиешелүү документтер ратификациялангандыгы тууралуу билдирүүнү алгандан соң ачылат.

Анын айтымында, документтер дипломатиялык почта аркылуу Астанадан Москвага жөнөтүлөт. "Бул документтер Евразиялык экономикалы комиссияга эки-үч күндүн аралыгында барышы мүмкүн",-деп кошумчалады министр.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021