5 августа 2015, 10:00

Ошто пара алып жаткан жеринен Галмамат Анапияев кармалды

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Г.А. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу, биздин сайтка Ош шаардык ИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков маалымдады.

Маалыматка ылайык, Г.А. Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылган. 

Учурда ал Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 48 саатка кармалды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021