5 августа 2015, 10:17

Мамлекеттик чек ара кызматы: Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, учурда 5-августтун саат 10:00 карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. 

Мамлекеттик чек ара кызматы, укук коргоо кызматкерлери жана башкармалыктар менен биргеликте чек арага чектеш аймакта жашаган тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле маалыматта айтылгандай, кыргыз-тажик чек арасында 3-4 августта болгон чатактан Баткен облустук ооруканасына 7 кыргыз жараны кайрылган. Алар ар кандай оор жана жеңил жаракаттарды алган,-деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, Баткен районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагында 3-августта башталган чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган.
Чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар, ошол аймакта тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну жаап салган.
Мындан улам, 120га жакын тажик жарандары жана 80ге чукул кыргыз жарандары чатак учурунда бири-бирине таш ыргытып, урушуп кеткен. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021