5 августа 2015, 10:26

Алмазбек Дыйканбаев: Москва көз жашка ишенбейт

Кыргызстан, Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык биримдик... Өлкө жаңы тарыхый кадамын таштоо алдында турат. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын ЕАЭСке толук кандуу мүчө болушун шарттаган тиешелүү документтер уюмга мүчө өлкөлөр РФ, Беларусия жана Армения тарабынан ратификацияланган. Кыргыз өкмөтү учурда Казакстандын ратификация тууралуу нотасын күтүп жаткан чагы.

Аталган маселеде бир катар эксперттердин пикирлери, оң-терс баалары коомчулукка белгилүү. Биз бул жаатта келишимдин иштеши, анын ысык-суугунун түздөн-түз таасири болчу РФ аймагында көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан кыргызстандык ишкер Алмазбек Дыйканбаевди кепке тарттык. Каарманыбыз жогорку билимдүү юрист ОшМУ), РФ Президенттик академиясын (РАНХиГС при Президенте РФ) да аяктаган. Ал РФ аймагындагы эмгек жолун жөнөкөй жумушчу болуудан баштаган. Учурда Москвада миңге чукул Кыргызстандын жарандарын жумуш менен камсыз кылган ишкананы жетектейт.

-Алмаз мырза, алгач кепти жеке тажрыйбаңыздан баштасак. Кыргызстандык жөнөкөй мигранттан ири мегаполистеги бизнес чөйрөсүнө чейинки жол алыс болдубу?

-Албетте, ийгилик бир күндө жаралбайт. Мекенди таштап, бөтөн эл, бөтөн жерге кетүү жеңил болгон жок. Бирок, менин Москвага алып барган жол, көпчүлүк мекендештеримдикинен анчалык айырмаланбайт десем болот. Өзүм Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда туулуп өскөм. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин 2002-жылы аяктадым. Аскер кызматымды да өтөгөнүмө карабай, кесибим менен жумуш табуу бир топ кыйынга турду. Аксыга барып, эл катары чарба иштери менен алек болуп жүрдүм, бирок үйлөнүп, бала-чакалуу болгон соң, чарбанын кирешеси менен өп-чап жашап жүрүүнү каалабадым көрүнөт... Ошентип, мен да жүз миңдеген мекендештеримдин жолун жолдоп, Москага жол тарттым.

-Москва кандай тоступ алды?

-“Келегой” деп  күтүп турбаптыр, албетте. Алгач жашаганга жай, анан жумуш табуу, айылда калган үй-бүлөнү кой, өз жанымды багуу чоң көйгөй болгон күндөрдү баштан кечирдим. Интернет-дүкөндүн кампасына кардарлар берген буюртма чогултуучу жумушка орноштум. Айлык убагында төлөнбөйт, бир ай иштеп, экинчи айдын 20-числосунда колго тийген маянам 4 миң рубль гана болгон. Бул 2007-жылдар эле. Жетекчиңди көрбөйсүң, баары автоматташтырылган, кылаар жумушуң интернет аркылуу башкарылат, айлык карточкага түшөт. Жумуш берген фирмадан кайра барып сурай албайсың, жол тоскон кайтаруучулар киргизбейт.

Жумуш болсо өтө оор эле, Москванын бир нече кварталдарына чейин жайылган кампалар арасында жөө жүгүрүп товар чогултуу, анын арасында кол-бут тоңуп калчу ири муз кампаларга да кирүүгө туура келээр эле. Акыры 2-айда да тырышып, чыдап иштеп тапканым 4,5 миң рубль болгондо, отуруп алып ыйлаган күндөрүм али да эсимде. Андан кийин жашылча сатып көрдүм, жүк ташуучу да болдум. Ошентип, 1,5 жыл жүрдүм. Мекенден алыста, мындай тагдыр кечирген кыргызстандыктар миңдеп саналат. Кимге кандай таасир берерт айта албайм, бирок мени бул кыйынчылыктар абадн чыйралтты. Андыктан, “Москва көз жашка ишенбейт” дегим келет...

-Ийгиликке карай жол кандай башталды?

-Ошондон кийин жөн гана ар кандай жумуш аткарчу мобилдик топ менен улам бир убактылуу чыккан жумушту аткарып жүрдүм. Бир күнү ошондой буюртма жумуш таап берип жүргөн жергиликтүү жаран Москвага жаңыдан курулуп жаткан ири мейманканада иштеген менеджер менен таанышып калуума себепчи болду. Жумушчу күч чындыгында керек, бирок жергиликтүүлөр үчүн бул өтө оор. Ошентип, ошол менеджерге күнүгө он десе он, он беш десе он беш жумушчу таап берип жаттым. Жеке өзүм эле миңден ашуун кыргызстандыкка ошол объектиден жумуш таап берген учурларым болду. Мейманкана бүтүп жатты, ошого жараша биздин жумуштун да мүнөзү өзгөрдү. Өзүм учурда алектенген тармак, клинингдик кызмат (Сlean — тазалык, таза; тазалап жыйноочу кызмат) тууралуу ошол жерден үйрөндүм. Бүтүндөй мейманкананын тазалап иштеп жүрүп, ушунча жумушчуну таап, өз алдымча иш уюштуруу колумдан келээрине көзүм жеткенде, жеке ишкана ачууну чечтим.

Албетте, аны жергиликтүү жарандарга каттоо бир топ жеңил болгондуктан, алгач москвалык орус улутундагы таанышыма каттадым. Мен - негиздөөчү, ал - башкы директор.  Жумуш жакшы жүрүшүп, кирешебиз бир топ стабилдешип калганда, бизнес-өнөктөшүмдүн ою бузулуп, акыры башынан аягына чейин өзүм түптөгөн ишкананы ага таштап басып кетүүгө аргасыз болдум. Ал жөн гана жергиликтүү болгондугу үчүн гана жетекчи болгон, калган уюштурууу иштери бүтүндөй менин мойнумда эле. Андыктан, белди бекем бууп, экинчи жолу ошондой эле ишкананы ачтым. Жоктон бар кылдым.

Москвада ири бизнесте, анын ичинде мейманкалар аутсорсинг кызматтарын колдонуусу кеңири таралган практика. Акырындан тендерден тендер утуп, мурдатан кызматташып, ишенимин актаган мейманканалар мени менен кайрадан иштешип башташты. Учурда мен жетектеген клинингдик кызмат көрсөткөн ишканада 25-40 жаш аралыгындагы миңдей кыргызстандык эмгектенет. Албетте, жумуштун мүнөзүнө жараша алардын 80 пайызы кыз-келиндер. Биздин эң башкы талап: тартип, тазалык жана этика.

-Бизнес тууралуу кеп кылып калдык, Кыргызстан ЕАЭСке кирүүсүнө бир кадам калды. Казакстан ратификация нотасын жиберсе, келишим күчүнө кирет. Катардагы мигранттан чакан жана орто бизнес тепкичине келген киши катары, мекендештерибиз кабылган кыйынчылыктар тууралуу эмнелерди айта аласыз? Мурда кандай, эми ЕАЭС алкагында абал кандай болот?

-Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун чордонунда, Чыгыш менен Батыш кесилишкен аймакта жайгашкан өлкө. Демек, дүйнөлүк улуу державалардын кызыгуусу кокусунан эмес. Андыктан,бизден ири, бизден бай ар кандай өлкөлөр менен экономикалык биримдикке кошулуу баарыбир өз пайдасын берет деп ойлойм. Кыргызстан СССР кезинде эле бүтүндөй РФны таза сырье менен камсыз кылган өлкө болгону белгилүү. Бизде айыл-чарба продуктулары, эт-азык жактан экологиялык таза, жогорку сапаттагы тамак-аш товарлары өндүрүлөт. Демек, эгер экспорт жакшы жолго коюлса, натыйжалуу жыйынтык болмок.

Мындан тышкары, бул биримдиктин алкагында РФда жүргөн биздин жүз миңдеген жарандардын укуктук маселелеринде жеңилдиктер болоору бышык. Айталы, ушул жылдын 20-июлунан тарта РФ жана КР жарандары эки өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрө алат. Тиешелүү келишимге өлкө башчылары тарабынан кол коюлду. Мурда бул мөөнөт 7 гана күн болчу. Эми кыргызстандыктар 30 күндөн кийин да кала турган болсо гана, 90 күнгө каттоого турат. Мындан тышкары ЕАЭС келишимдери толук күчүнө кирсе, биздин жарандар жумушка орношуу үчүн уруксат албай эле (разрешение на работу), патент менен, жумуш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими менен эле иштеп жүрүү укугуна ээ болушат.

Ал эми биздин мекендештер РФ аймагына келип түшкөн күндөн тарта кабылчу эң башкы кыйынчылык – жашаганга жай табуу. Буга чейин ижара акысы арзан болсун деп, 2-3 бөлмөлүү бир батирде 20-30 киши жашап жүрүшкөн болсо, азыр кымбатыраак болсо да, тынчыраак, азыраак болуп жашаганга өтүштү. Анткени, көпчүлүк жашаган батирлерде ошончо киши кирип-чыгып жүрсө, кошуналар даттанып, мындан улам тиешелүү кызматтардын текшерүүсү күчөп, айып пул төлөтүү же биротоло депортация кылып жиберген учурлар болгон. Анын үстүнө учурда Москвада КМШ өлкөлөрдүн жарандарына батир ижарага алуу өтө кыйындап баратат. Жада калса жарыяларда “Батир славян улутундагыларга берилет” деген жарнамаларды көп эле кезиктирүүгө болот. Ал эми мыйзамдуу каттоого туруу жагынан маселе жаралбайт. Жумуш табылат.

-Бизнес тилин бөтөн жерде ийгиликтүү өздөштүргөндөн кийин, Кыргызстанда да ушундай эле иш баштаса болот чыгар?

-Оюмда бар. Кыялымда кайра иштетүүгө байланышкан бизнес баштасамбы деген пландарым бар. Иш алдыга жылса, ал кошумча жумуш орун, бюджетке салык түрүндөгү кошумча киреше болот. Бөлөк жерде тапкан капиталды, чогулткан тажрыйбамды Кыргызстанга жумшасам деген тилегим орундалса деп тилейм. Качандыр бир күнү күнүмдүк оокат үчүн кара жумушка башка өлкөгө чыккан мекендештерибизди кайрып келчү күн сөзсүз келээрине ишенем.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021