5 августа 2015, 10:55

Т.Сариев вице-премьер-министрге чек арадагы жагдай боюнча Тажикстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды

Бүгүн, 5-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча жыйын өттү. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жыйынга коопсуздук, чек ара, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйын жүрүшүндө, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча маалымат берди. Анын айтымында, учурда аталган аймакта абал тынч, кырдаал көзөмөлдө. Мамлекеттик органдар жеринде элге түшүндүрүү жана башка тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын Раимберди Дүйшөнбиев кабарлады.

Жыйында Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн жана учурда окуя болгон жерде иштеп жатканын маалымдады. Аталган жумушчу топ бүгүн Тажикстанда түзүлгөн жумушчу топ менен жолугушуу өткөрүп, кырдаалды жөнгө салуу жана чек арада чырга себеп болгон маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Премьер-министр чек арадагы коопсуздук Өкмөттүн эң негизги милдеттери экенин билдирип, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле Темир Сариев коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча кыска аралыкта иштиктүү аракеттерди көрүү жана Тажикстандын тиешелүү органдары менен маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021