5 августа 2015, 11:43

Башкы прокуратура Коркмазовдун баш коргоо чарасы боюнча Жогорку сотко арыз берди

Башкы прокуратура пара талап кылды деп айыпталып жаткан парламенттин "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Хаджимурат Коркмазовдун үй камагына чыгарылышына байланыштуу Жогорку сотко арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын кабарлашты.

Аталган кабарга таянсак, прокуратуранын өкүлдөрү Бишкек шаардык сотунун Коркмазовду үй камагына чыгаруу боюнча чечимине ошол эле күнү даттануу арызын беришкен.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогору сотто каралуучу кылмыш ишинин оң жагына чечилүүсүнө көмөктөшүү максатында 200 миң доллар талап кылды деп кармалган.

2015-жылдын 15-июлунда бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча ага кылмыш иши козголгон. Хаджимурат Коркмазов бул ишке президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин катыштыгы бар экендигин айткан. Кийинчерээк муну Түлеевдин кызы дагы тастыктаган.

22-июлда бул иш боюнча президенттин аппаратынын экс-башчысы Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган.

31-июлда Коркмазодун жубайы жана бир тууганы анын саламаттыгынан чочулап жатышканын, ал инсульт же инфарк болушу мүмкүн экендигин, себеби дарыгерлер аны карабай жатышканын билдиришкен. Жуманын башында депутат үй камагына чыгарылган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021