5 августа 2015, 12:29

ЕЭК министри Ибраев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу суроолорго жооп берет

Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министри Данил Ибраев он-лайн конференция өткөрүп, анда КРнын ЕАЭБге кошулуусу боюнча суроолорго жооп берет. Бул тууралуу,  ЕЭКтин интернеттеги расмий баракчасында маалымдалат.
Суроолор 17-августка чейин чогултулат. Министрдин жообу 19-август күнү жарыяланат.
Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу боюнча келимиш күчүнө кирет. КР Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен биргеликте биримдиктин бешинчи толук кандуу мүчөсү болот.
Шейшемби күнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы болуп Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимдиратификациялады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021