5 августа 2015, 14:09

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: "Бабанов мынчалык төмөн түшпөшү керек болчу..."

- Орозбек мырза, “Кыргызстан” партиясынын үгүт иштерине катышып жүргөн ырчы Омар аттуу ырчы жакында эле “ири суммадагы акчага алдамчылык” айыптоосу менен кармалган. Ырчынын кармалышы саясый тирешүүлөрдүн курмандыгы болуп калган жокпу?

- Бул жерде эки тараптуу пикирлер айтылып жатат. Кайсынысы чын, кайсынысы калп экенине ишенүү кыйын. Саясатчылар ар кандай кызыкчылыкты көздөп, кээ бирөөлөрдү курмандык кылып келишет. Омар өзү да жоош, жакшы бала. Ошол баланы саясатташтырып жатканы азыркы саясатчылардын терең ойлонбой иш кылып жаткандыгынан кабар  берет. Алар башкасынын баарын жасашса да, ырчы баланы жөн эле коюшса болмок.

- Бул иштин артында мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов турат деген кептер да айтылып жатат. Мунун канчалык чындыгы болушу мүмкүн деп ойлойсуз? Өмүрбек мырза саясий ар кандай кызыкчылыкты көздөп ушундай кадамдарга барып жатабы?

- Сиз дагы билесиз, азыр ар кандай жаман иштердин баарын акча чечип, ал тургай оор кылмыштар да акчанын арты менен жабылып калып жатат. Омардын ишине мен так көргөзмө берип айта албайм. Бирок, кимдер жасап жаткан болсо өздөрү билет. Бабанов жасап жатат деген пикирлер да айтылгандай болду. Эл айтса жөнү жок айтпайт болуш керек. Бабановдун чын эле ушул иштин артында турган болсо, мынчалык төмөн түшпөшү керек болчу. Эр жигит үчүн бул өтө чоң уят. 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021