5 августа 2015, 15:04

Алмазбек Атамбаев: “Түркмөнстандын башчысынын иш сапары эки өлкөнүн мамилелерине күчтүү дем берет”

Мен Түркмөнстандын президентинин иш сапары эки өлкөнүн мамилелерине күчтүү дем берет деп ишенем. Бул тууралуу бүгүн КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңири форматта жолугушуу учурунда билдирди.

Кыргызстандын башчысы кесиптешин жылуу кабыл алып, мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келгенине карыздар экенин билдирди.
“Мен сизди биздин өлкөбүздөн көргөнүмө абдан кубанычтамын. Биздин сунушту кабыл алып, Кыргызстанга келгениңиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул иш сапардан кийин эки тараптуу мамилелер жаңы баскычка көтөрүлөт деп ойлойм”,-деди А.Атамбаев.

Тар форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылар саясий сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык, илимий-техникалык, соода-экономикалык, отун-энергетикалык жана транспорт чөйрөсүндө Кыргызстандын Түркмөнстан менен кызматташтыгынын келечегин талкуулашып, аймактык коопсуздук маселелерине токтолушту.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021