5 августа 2015, 15:47

Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курулушу мүмкүн

"Кыргызстан менен Түркмөнстан товар жүгүртүүнү кеңейтиш үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөргө ээ, акыркы убакта товар жүгүртүү 50 пайызга жогорулаган",-деп билдирди бүгүн, 5-августа Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн кыргызстандык кесиптешти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда.

Ал азыркы учурда туризм чоң мааниге ээ болгонун белгилеп өттү. "Сиздерде бул Ысык-Көл болсо, бизде улуттук туристтик аймагыбыз бар. Биз Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана курууну каалайт элек. Ага жооп катары биздин Түркмөнстанга дагы ден соолукту чыңдоочу жай курууга чакырабыз",-деп сунуштады Бердымухамедов.

Атамбаев Ысык-Көл областындагы өкмөттүн атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевге Түркмөнстандын ишкерлерине колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021