6 августа 2015, 10:09

УКМК терроризмге үндөгөн чуулгандуу видео кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоду

УКМК өзүн "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун согушкери атап, кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасаган жаранга карата кылмыш иши козголгонун мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин видео кайрылуунун канчалык чындыкка дал келерин УКМК текшерип жаткандыгын билдирген. Чуулгандуу видео интернет айдыңында 25-июль күнү кечинде пайда болгон.
Натыйжада кайрылуу жасаган адам 29 жаштагы, Жалал-Абадда туулган Кыргызстандын жараны экендиги, ал мындан бир жыл мурун Сирияга чыгып кеткени аныкталган. Азырынча кайсы жерде жүргөнү белгисиз.
Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин террористтик же экстремисттик кылмыш жасоо же аны ишке ашырууга аракеттенүү, террористтик иш менен алектенүүгө үндөө, КР жаранынын чет жерде куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерге катышуу, улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты жаратуу беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021