6 августа 2015, 11:01

А.Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (СҮРӨТ)

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-августта Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим этишти. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Президент Алмазбек Атамбаев жана Президент Гурбангулы Бердымухамедов тизилген Ардактуу караулдун жанынан Монументке карай өтүп, Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик желектеринин түсүндөгү лента тагылган гүлчамбар коюшту.

Гүлчамбар коюу аземи Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында өттү.

Аземге Кыргызстан менен Түркмөнстандын Өкмөт мүчөлөрү да катышты.

А.Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (СҮРӨТ)

А.Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту (СҮРӨТ)

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021