6 августа 2015, 11:20

2010-жылдын апрель окуясындагы мародерлук жөнүндө материалдарды жок кылганга шектүү 5 адам кармалды

Чүй облустук сотунун өрт чыккан иш бөлмөсүнөн 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерлук жөнүндө кылмыш иштин материалдарын жок кылганга шектүү делип 5 адам кармалды. Бул тууралуу, "Кабарларга" укук коргоо органдарындагы ишеничтүү булактар билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү деп кармалгандар, көргөзмө бере башташты. Толугураак маалыматты ИИМ кызматы журналисттер менен болгон брифингде маалымдашат. 

Эске сала кетсек, 2015-жылдын, 30-июлунда Чүй облустук сотунун өрт чыккан иш бөлмөсүнөн 2010-жылдын апрель окуяларындагы мародерлук жөнүндө кылмыш иштин материалдары жоголгон. 

Маалыматтка ылайык, түнкү саат 2лер чамасында бет капчан белгисиз 2-3 адам Чүй облсотунун административдик имаратына киришип, судья Азамат Жумагуловдун кызматтык бөлмөсүнүн кулпусун талкалап, сейфтен КР Кылмыш-жаза кодексинин 123, 166 жана 168-беренелери менен айыпталган Юсуповдун жубайына, А.Акжолов, А.Шергазиев, Д.Оморовго карата 2010-жылдын апрель окуясында мародерлук фактысы боюнча 6 томдук кылмыш иштин материалдары жоголгон.

Бул материалдардан тышкары, сейфте дагы 27 иштин материалдары (учурда каралап жаткан) бар болгон, бирок кылмышкерлер аларга тийген эмес.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021