6 августа 2015, 15:24

«Бир Бол» жана «Кут» партиялары бирикти

«Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы жана «Кут» саясий партиясы биригүү жөнүндө жарыялайт. “Кут” партиясынын мүчөлөрү алдыдагы парламенттик шайлоодо “Бир Бол” партиясынын тизмеси менен катышат.

Биригүүгө  партиялардын принциптеринин жана аткарган иштеринин бирдейлиги шарт түздү: Өлкөдөгү реформаларды бирге жүргүзүү артыкчылыктуу жана жеңил болмокчу. “Кут” партиясынын курамында кооперативдер, профсоюздар, жөнөкөй айыл-чарба өндүрүүчүлөр бар. Эки партияда тең кесипкөй, тажрыйбалуу, илим-билимдүү мыкты экономисттер жетиштүү. Дүйнөлүк кризис экономикабызга таасирин тийгизбей койгон жок. Мындай абалда калкыбыздын жакшы турмушта жашоосу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык саясий күчтөрдү бир арага топтоп, чыңдоо керек деп ишенебиз.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун толук камсыздоого баардык керектүү ресурстары бар.          

Жергиликтүү ишкерлерге шарт түзүп, айыл-чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо мамлекеттин негизги милдеттери. Орто катмар – күчтүү мамлекеттин тиреги! Кыргызстан өз жарандарын азык-түлүк жана күнүмдүк зарыл товарлар менен толук камсыздай алат. Кыргызстандын ар бир атуулунун өз жумушу, бизнеси болуп, ар бири өлкөдө жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылуусу керек.

Биз баарыбыз бир болсок гана Кыргызстанды бирдиктүү, экономикалык жактан башкаларга көз карандысыз, күчтүү өлкөгө айландыра алабыз!

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021