6 августа 2015, 15:56

Журналист Лунара Мамытова «Бир Бол» партиясынын пресс-катчысы болуп дайындалды

Лунара Мамытова 5-августта «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын шайлоо штабынын пресс-катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында партиядан билдиришти.

Лунара Мамытова Коомдук телерадиокорпорациясында 2006-жылдан бери «Ала-тоо» маалымат программасынын алып баруучусу жана редактору болуп иштеп келет. КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери жана Кыргызстандагы «Интерньюс Нетуорк» өкүлчүлүгүнүн «Стремление» (Умтулуу) премиясынын мыкты алып баруучу номинациясынын жеңүүчүсү.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021