Таласта КСДП партиясынын облусттук конференциясы болуп өттү (ВИДЕО)

6 августа 2015, 16:49

5-августа Таласта СДПК партиясынын облустук конференциясы болуп өттү.

Иш-чарага жалпы жолунан болжол менен 300дөй адам катышып, анда партиянын беш жылдык (2010-2015-ж.ж.) ишине арналган баяндама сунуш кылынган.

Мындан сырткары,  облустун 4 районунан 14-жалпы партиялык съездине 30 делегат тандалып алынды. 

Жогорку Кеӊештеги СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтуусу боюнча алдыдагы парламенттик шайлоолор  Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жарандардын биометрикалык маалыматтары боюнча жаӊыча технологияларды пайдалануу  менен өтөт. Бул тема күн тартибиндеги биринчи маселе болду. Мындан сырткары, Жер-Үй алтын кени тууралуу дагы маселе козголуп, кызуу талкуу жаратты. СДПК депутаттары тарабынан демилгеленген Кен жөнүндө мыйзамдын негизинде эми кенден түшкөн кирешенин 2% Талас облусун өнүктүрүүгө которулмакчы. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021