6 августа 2015, 17:42

КСДП партиясы Чүй облустук конференциясын өткөрдү

Бүгүн, 6-августта КСДП  партиясынын Чүй облустук конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков партиянын жасаган иштери боюнча беш жылдык отчетун, ошондой эле бул мөөнөттө КСДП фракциясынын депутаттары иштетип чыккан өлкөгө керектүү мыйзам долбоорлорун жарыялады.

Ошондой эле бул иш-чарада делегаттар Чүй облусунун жашоочуларын кызыктыруучу суроолорду айтышты. Чыныбай Турсунбековдун айтуусу боюнча, бүгүнкү жыйындын башкы темаларынын бири коррупция менен күрөшүү маселеси болду. Мындан тышкары КСДПнын 14-жалпы партиялык съездине катыша турган делегаттардын тизмеси добуш берүү жолу менен бекитилди. Съездге Чүй облусунан 120 делегат катышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021