6 августа 2015, 18:27

Айрым мыйзам актыларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдетүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү администрациялоо функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү укуктук нормаларын аныктоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021