7 августа 2015, 09:46

Жаманкул Галдыбаев, ишкер: “Кудай берген ырыскыны эл менен бөлүшкөн бул -бакыт”

-Жаманкул ага а дегенде ишкерликке кантип келип калдыңыз, ушундан сөздү баштайлы. Себеби, укканыма боюнча кесибиңиз музыка мугалими экен...

-Турмуш деген ушундай экен, адам баласынын тандап алган кесибине, адистигине карабай, басаар жолуңду, табаар ырыскыңды ар кайсы жактан буйруйт экен.   Анын сыңарындай, мен Оштун Алай Чоң Алайындагы Кара-Шыбак айылынын кулуну болом.  Атам Жолчу айылда тракторист, малчы болгон карапайым адамдардан эле. Ат жалында, кой артында чоңоюп, кичине кезимен эле адабиятка, музыкага чукул болуп, мектепти бүткөн ОшМУнун искусство факультетине тапшырып,  музыка мугалими кесибине ээ болдум. Анан өз кесибимди аркалап Чоң Алайдын айылдарында алгач китепканачы, кийин музыка мугалими болуп мектепте иштеген жылдарым эгемендиктин алгачкы 10 жылдыгына туура келет.

Ал кезде заман кыйла оор эле. Мектептеги мага окшогон сааты аз мугалимдердин алган маянасын азыр айтууга деле ооз барбайт. 10 жылга чукул айылдын азап-тозогуна чыдап, аз маяна менен жашап, үй-бүлөө куруп, өмүр кечирдим. Анын үстүнө 11 бир туугандын улуусу, атамдын бел байлаар чоң уулу болгондуктан, жашоо-тирликти жакшыртсам деген ой менен  Бишкекти карай багыт алдым. Ооба, ал кездеги жан багуунун акыркы аргасы соода-сатык кылуу же  Орусияга барып эмгектенүү эле. Жубайым экөөбүз алгач “Дордой” базарына келип анча-мынча соодага аралаштык. Бирок, бул чоң базар деле айылдан жаңы келген, мурда-кийин соода сатыкты башынан өткөрбөгөндөргө анча жакшылыгын чача бербейт. Ошондо биздин оюбузга Орусияга барып, соода-жасап бактыбызды сынап  көрүү келди.

Айылга барып, атама иштин жайын айттым да, минип жүргөн жалгыз атын саттырып, ошонун акчасын белиме түйдүм дагы келинчегимди ээрчитип, “Ээ, Жараткан биздей жаш бүлөөгө Орусиядан жакшылыгыңы бере көр, Элге кеп болбой, атамдын акааратына калбай, ишим жүрүшүп,  ийгилик менен кайтайын” деп Кудайдан тиленип, Орусияга кеттим. Алгач эле Свердловск облусуна барып түшүп, базарда соода сатык-кыла баштадык. Жакынкы чыгыш чөлкөмүнө каттаган күндөр болду.

Кудайга ишим ак экен, уланып кеттик. Бирок, андагы ачка-ток болуп, ысык-суукка карабай, таң заардан кара күүгүмгө чейин тикебизден тик туруп иштеген күндөр өмүр бою жүрөктө кала турган оор күндөр болуп калды. Миңдеген мекендештерим да биз көргөн күндөрдү көрүп, кумурскадай болуп жонуна үч эсе оор жүктөрдү көтөрүп вагондон-вагонго секиргени, ууруларга товарын уурдатып сыздашканы, акчасын алдатып, айласы куруп Кыргызстанга ыйлап кеткени кантип эсибизден чыгат? Ошентип оош-кыйыш күндөр өттү, соодабызды улантып жаттык. Соода деле жүрөгү таза, кең пейил, кимдир бирөөнү алдайын дегенди, кимдир бирөөгө карасанатайлык жасайын дегенди билбеген адамдарга жугат окшойт. Кээ бир шылуундук кылып бирге үчтү кийгизип, тезинен байыгысы келндердин иши жүрбөй калганын көп жолуктурдум. 2000-жылдан баштан баш аягы беш жылдан ашуун ошол Орусияда, кийинчерээк Казакстандын Алматы шаарында соода-сатык кылган соң арбын киреше топтоп кайрадан Кыргызстанга кайтып келдим.

-Башка жерден тажагансыз го?

-Кыргызда “бөлөк жерде султан болгончо, өз элиңде ултан” бол дегендей, Кыргызстанда жашап, өз өлкөсүндө деле тиричилик кылса болооруна көзүм жетип калды. Кайтып келип бая сооданы жаңы баштаган “Дордой” базарында иштеп жаттым. Бирок, алып-сатарлык менен эле түбөлүктү түз кыла албасымды сезип, бир туугандарым менен биргеликте соодага кошумча чакан ишканаларды ачып, асыресе жашылчалардын жогорку сортторун алып келип өздөштүрүүнү, асыл тукум мал чарбачылыгын жана кыш бышырып чыгаруучу ишканаларды ишке киргиздик.

Берекеси төгүлгөн Сары-Өзөн Чүйдөн ижарага жер алып иштетип, чарба куруп, асыл-тукум малдын башын арбыттым. Мен Чүйдү  чыныгы кыргыздын пейилине окшоштурам. Анткени, Кыргызстандын кайсы дубанынан келбейли, баарыбыз батып, кенен-чонон отурукташып, өз ырыскыбызды таап, чүйлүк болуп калып жатабыз. Элине да, ерекелүү жерине да ырахмат айтсак болот. түптөгөн майда ишканалар тез эле жанданып, эми ал өзүнүн 10 бир туугандарынан тышкары айылдаштарынын колуна да иш бере баштадык. Жумушчу орундары түзүлдү, чакан чарбасы эт, сүт өндүрүүчүгө, мамлекеттин казынасын толтуруп, салык төгүүчүгө айландык.

-Сиз үчүн ийгиликтин сыры эмнеде?

-Ийгиликтин сыры-баштаган ишиңди сүйүп аркалаганыңда жана тынымсыз аракеттенүүдө болот экен. Бирок, пенде канчалык чуркабасын, эгер анын баскан турганы, ою ак болбосо, ушак айтып, ууру кылса, кимдир бирөөнүн ак эмгегин жеп, кимдир бирөөнүн ишин көрө албай, ага бут тоссо тапканынын берекеси болбой, анын тапкан балыгы, топтогон кадыры кум сепилдей уруп түшөт. Мындайларды көп көрдүм. Эң башкысы сен кайсыл тармактан буюрган ырыскыга ээ болбо, Кудайдын алдында, абийриңдин алдында ак болсоң баар табасың. Жок, байлык менен бийликтин азгырыгына түшсөң, баарына куру жалак каласың. Мына мен ийгиликтин жөнөкөй эле формуласы деп ушуну түшүнөм.

-Сиз жөнүндө чоң алайлыктар өтө жакшы пикирлерди айтып, “Жаманкул эки сом тапса, бир сомун бизге берет” деп айтышат экен, чынбы?

-“Кыргызда “атанын малы балага мурас болбойт” деген накыл кеп бар. Атанын тапкан ташыганы бала түбөлүк дүйнө-мүлк болуп бербейт. Балага байлык менен бийлик калтырып кетем дегендер терең жаңылышат. Колуңан келсе тапканыңды балаңа эмес, элиңе калтырып кет. Балаңа туура тарбия берсең, билим берсең, сенин ишиңди өзү эле улантып, өз ырыскысын таап кетет. Азыр эмне болуп жатабыз? Байлык дегенде эт-бетинен кетип, элди кой ага-тууганын садага чапкандан кайра тартпагандар бар. Булар коомдун митеси. Андыктан, Кудай берген ырыскыны эл мене чогуу бөлүшкөндүн өзү бакыт да. Элге-журтка кайрымдуу адам катары акыркы 10-15 жылдын ичинде Чоң Алайга бир топ салымызды коштук.

Бирок, мунун баарын кайсыбир шайлоонун алдында жасап, элге көрүнө калып, бийликке жетип алайын деген максатта эмес, өзүмдүн салтуу жасап келаткан ишим катары карайм. Айта кетсем, Чоң Алайдагы 5-6 мектепти  таза суу, жылытуу системалары  менен камсыздалып, 10дон ашык мечит жарык жана жылуулукка ээ болду. Өзүм башында туруп райондогу 10дон ашык бала бакчаны ремонттон өткөрүп, керектүү эмеректер менен камсыз кылдык.  Мындан тышкары айылдардагы таза суу системалары кайрадан ремонттолуп, жергиликтүү чакан оорукана пункттары да материалдык-техникалык жардамдарды алышкан. Айылдарды байланыштырган ички жолдор, көпүрөлөр да жаңыланды.

Бул иштер үчүн акыркы эки жылда эле 8 млн. сомдон ашуун каражат сарптадык. Андан тышкары, Ачуу-Суу айылына мусулмандык парзым катары  6 млн. сомго  мечит куруп, жакшылык-жамандыктарда элге кызматкылсын деп чайханасы менен бүтүрүп бердим. Элге ушунчалык жакындап калганымды ушундан бил, керек болсо кимдир бирөө катуу сыркоолоп калса да  доктурга эмес, мага чалып кеңеш сурашат. Айла жок күлөсүң. Бирок, алардын  чалуусунун да себеби бар. Анткени, акыркы кездери бөйрөк, боор, жүрөк оорулары менен, онкологиялык илдеттер менен жабыркаган жердештеримди өзүм Бишкекке алып келип, керек болсо чет өлкөгө алып чыгып дарылатып, операция жасаткан учурлар болду. Анын баарын эл биринен-бири угуп, менден жардам күтүшөт. Кечээ, 2010-жылы да Чоң Алайга кар калың жаап, мал кырылып калуу коркунучу пайда болгондо биринчилерден болуп тоют менен камсыздоону уюштуруп, Өкмөт менен бирге жуттан элди чыгарып кеттик.

Бул эмгегимди эл дагы, Өкмөт да баалап, Өкмөттүн ардак громатасы менен сыйлады.

-Спортко да кызыгасызбы?

-Спортту сүйөм, өзүм кайсы бир спорт түрү менен машыгып, аракеттенбесем да,  спортчуларды колдоону милдетим деп билем. Анткени, спорт да мамлекетти көтөрүүчү, таанытуучу бир тармак. Бир топ спорттук иш-чараларга көмөк көрсөтүп, меценат деген коомдук жумушту да мойнума алып келе жатам. Күрөш, көкбөрү, волейбол, кол күрөш, футбол боюнча жыл сайын Чоң Алайга турнирлерди өткөрүп турам.

-Мамлекеттик кызматка кайтып келесизби?

-Жакшы суроо. Ишекерлик тарматка жүрсөм да аны менен катар мамлекеттик деңгээлдеги коомдук ишгтерге да активдүү катышам. Мисалы, 2011-2012-жылдары Курманжан датканын 200 жылдыгын жана КРдин көз карандысыздыгын 20 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын бөлүм башчысы болуп иштедим. Ишкеркерлик ара-чолосунда аракеттенип жүрүп, юридикалык жана менежменттик жогорку билимдерге ээ болсом да тээ алгачкы кесиби маданиятка, музыка менен искусствого жакын болгондуктан мага тапшырылган ишти так аткарып, өзүмдүн мамлекетти кызматта да иштей алаарымды билдим.

Аталган иш-чаралардан соң мени Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы “Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарын коргоочу “Мурас” фондунун эксперти кылып дайындашты.  Албетте, маданиятты, айрыкча улуттук оюндар менен кол өнөрчүлүктү сактап калуу, жайылтуу жана аны дүйнөгө пропагандалоо өтө жооптуу жана машакаттуу жумуш. Бирок, бул жаатта да бир катар олуттуу долбоорлорду ишке ашырдык.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021