11 августа 2015, 18:08

Премьер-министр Темир Сариев: “ Кыргызстандын ЕАЭСке кошулуусу тарыхый окуя”

Бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучусу, комиссиянын интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваяны кабыл алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууга вице-премьер-министр Валерий Диль, Экономика министри Олег Панкратов, Евразия экокономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү (Министр) Данил Ибраев жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолугушууда Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуу жараяны жана мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды.  Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүү жараянында абдан чоң иштер аткарылганын белгилеп, аталган жараянда көрсөткөн көмөгү үчүн Татьяна Валоваяга ыраазычылык билдирди.  Анын жыйынтыгында, тиешелүү процессударалар аяктап, 12-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы көзөмөлүнүн алынарын Темир Сариев кабарлады.

“Биз эртеңден тарта ири биримдиктин курамына киребиз. Бул биз үчүн тарыхый кадам. Мындай окуя бизди абдан чоң иштерди аткарууга милдеттендирет. Анткени жарандарыбыздын Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунан  күтүүлөрү абдан чон. Жаңы биримдик  жарандарыбызыга жаңы мүмкүнчүулүктөрдү ачып, жеңилдиктерди камсыздайт”-деди Темир Сариев. .

Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев бул жаатта бир топ иш аткарылса да , Кыргыз Республикасынын экономикасын Евразия экономикалык союзуна шартына адаптациялоо боюнча бир катар иштер турганын белгилеп, бул жаатта Кыргыз Республикасы  Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөр менен Евразия экономикалык комиссиясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Татьяна Валовая 12-августтан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болорун кабарлады. Ошондой эле Татьяна Валовая бул жараянды ишке ашырууда Кыргызстандын өкүлдөрү абдан иштиктүү иш алпарганын белгилеп, мындан ары Кыргызстан үчүн биримдиктин ичинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020