Белгиленгендей, элчиликтин өкүлү өз сөзүндө чогулгандарга КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен КРнын Жогорку Кеңешинин кезектеги шайлоосу 2015-жылдын 4-октябрына белгиленгени тууралуу айтып берди.
Элчиликтин кызматкери КРнын мыйзамына ылайык, КР ЖКнын шайлоолору Кыргызстандын аймагында жана республиканын дипломатиялык жана консулдуктары бар чет өлкөлөрдө өткөрүлө турганы жөнүндө маалымдады.
Ошондой эле, дипломат кыргызстандыктарды шайлоочу катары алдыдагы шайлоолорго, ага даярдыктар жана өткөрүүгө жигердүү катышууга чакырып, шайлоо өткөрүүнүн негизги процедуралары жана шайлоочулардын эсебин түзүү тууралуу билдирди.
Мындан тышкары, дипломат шайлоонун ачык өтүшү үчүн биринчи жолу биометрикалык маалымат колдонулаарын баса белгиледи.