12 августа 2015, 08:50

Бүгүн Чолпон-Атада Назарбаев менен Атамбаев жолугушат

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 11-августта иш сапар менен Кыргыз Республикасына келди.
Казакстандын Президентин Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Нурсултан Назарбаевди Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алды.
Иш сапардын алкагында, бүгүн, 12-августта Президент Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда “Ак Жол” контролдук-өткөрмө пунктундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы контролун алып таштоо аземине телекөпүрө аркылуу көз салышат. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020