Бишкектин райондор аралык соту ишти кароону 21-августка жылдырган.
"Белгиленген уктуруу болбой калды. Анткени жоопкер тарап процесске ИИМдин жол көзөмөл кызматынын жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрүн чакыруу керек деген өтүнүчүн билдирди, анткени алардын бул маселеге түздөн-түз тиешеси бар экен",-деп түшүндүрдү Орозбекова.
Эскерте кетсек, Жибек Орозбекова маршруткалардагы башаламандык үчүн жооптуу болгон өкмөттүн аракетсиздигин сотко берген. Ал "Прецеденттер мектебинин" стажеру болуп эсептелет. Стажировка маалында ал чакан жана өзгөчө чакан класстагы маршруттук таксилерге жүргүнчү салуунун кандайдыр бир стандарттары барбы деген суроого кызыккан. Бул суроо менен ал Транспорт жана коммуникация министрлигине, Ички иштер министрлигинин Жол көзөмөл кызматына, мэрияга кайрылган.
Алардын баары "ушундай стандарттар бар, бирок алар кайда экенин билбейбиз",-деп жооп беришкен. Жибек нормативдик базаны карап чыгып, эч нерсе таба алган эмес. Муну менен ал буга окшогон стандарттар азыр жок экенин, бирок бир кезде болгонун аныктаган. Мындан кийин ал мындай стандарттарды ким иштеп чыгышы керек дегенди изилдеген. Өкмөттүн алдындагы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын комиссия мындай стандарттарды иштеп чыгышы керек экендиги белгилүү болгон.