Тарыхта биринчи жолу Малайзиялык ЖМКларда Кыргызстан тууралуу репортаждар көрсөтүлүүдө (ВИДЕО)

12 августа 2015, 13:06

Тарыхта биринчи жолу Малайзиялык ЖМКларда Президент Алмазбек Атамбаевдин малайзиялык журналисттерге берген маеги жана Кыргызстан тууралуу репортаждар көрсөтүлө баштады. КРнын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Кылычбек Султановдун "Кабарларга" билдиришинче, аталган маек жана репортаждар эң көп көрүүчүсү бар "TV3" телеканалында, англис тилиндеги эң көп нускалуу "THE STAR" гезитинде жана мамлекеттик расмий "BERNAMA TV" телеканалында жарык көрөт.

Кыргызстан тууралуу сюжеттер өткөн аптада кабар иретинде жарык көргөн. Ошондой эле, 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүн утурлай (31-август - Малайзиянын да Эгемендик күнү) өлкө тууралуу бир нече репортаждар жана Президент Алмазбек Атамбаевдин маеги Малайзиялык көрүүчүлөргө тартууланат.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын, 24-июлунда, Бишкекке Малайзиянын алдыңкы медиа-холдингдеринин журналисттеринен турган делегация келди. Малайзиялык ММК өкүлдөрүн КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов тосуп алды. Делегациянын курамында “The Star” жана “Media Prima” медиа-холдингдеринин жана “Bernama” маалымат агенттигинин өкүлдөрү бар болчу.

Ал эми, 2015-жылдын, 6-июнунда болсо, тажрыйба топтоп келүү үчүн Кыргызстандын эң алдынкы ММК өкүлдөрү Малайзияга барышкан. Ал жакта журналисттер Малайзиядагы алдыңкы ММКларда болуп, тажрыйба алмашып келишкен.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020