Бүгүн ЕЭК тараткан маалыматта "12-августта Кыргызстандын ЕАЭБге кириши жөнүндө келишим күчүнө кирди. Кыргызстан Армения, Беларусия, Казакстан жана Россия менен бир катарда Биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болду",-деп айтылат.
"ЕАЭБге кирүү Кыргызстан үчүн жаңы перспективаларды ачат. Товар, тейлөө, капитал жана жумушчу күчүнө бөгөттөр алынат. Жаңы инвестициялык мүмкүндүктөр ачылат",-деп айтылат ЕАЭК тараткан маалыматта.