12 августа 2015, 14:32

Премьер-министр Т.Сариев КРнын ЕАЭБге кошулуусун тарыхый окуя деп атады (СҮРӨТ)

Бүгүн, 12-августта  КРнын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимдин күчүнө киргенине байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак аймагындагы бажы көзөмөлүнүн алыныш аземи өттү. Чек арадагы бажы көзөмөлүнүн алынышына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болуп, чек араны ачууга буйрук беришти.

Кыргыз-казак чек арасынын “Акжол” көзөмөл-өткөрмө пунктунда өткөн аземге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучусу, комиссиянын интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая, Евразия экономикалык биримдигин мүчө өлкөлөрдүн элчилери, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан жана Казакстандын президенттеринин буйругунан соң мамлекеттик  чек аранын кыргыз-казак аймагында бажы көзөмөлү алынып, бажы кызматкерлери чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматка өзүнүн милдетин аткарууга киришти.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүнтөн тарта Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасын Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү катары каттаганын билдирип, аны тарыхый окуя деп атады:

“Бүгүн Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болду. Бүгүнтөн кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып, Кыргызстан уюмга мүчө өлкөлөр менен “төрт эркиндик” деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алат. Биздин жарандар Евразия экономикалык биримдигин мүчө өлкөлөр Орусия, Казакстан, Беларус жана Армениянын жарандарына каралган бардык жеңилдиктерге ээ болот”-деди Темир Сариев.

Темир Сариев бул жараян Кыргызстандын улуттук экономикасын чындоого өбөлгө болуп,  жарандарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Мындан соң Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан жарандар менен баарлашып, эки эл ортосундагы боордоштук мамилени чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүп жатканын билдирди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020