КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга иш сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Мамлекет башчылары жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, боордош эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызыгуу жараткан ар кыл тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташуунун бийик деңгээлине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууну эң жогорку деңгээлде улантуунун зарылчылыгын баса белгилешти.