Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Чатакташуулары дагы уланышы мүмкүн”
-Мен бул партия боюнча мурун эле айтып келгем. Булардын максаттары, платформалары, идеялары бир болгондон бирикпестен, “канткен күндө да бийликке жетишибиз керек” деген принцип менен кошулган. Мындай чатакташуу мындан ары да уланышы мүмкүн. Себеби, бири түндүк региондон, бирин түштүк аймагы боюнча эптеп добушту алыш үчүн биригишкен. Эптеп-септеп парламентке өтүп кетсе, шайлоо өткөндөн кийинки жаңжалдардын сериалы болуп уланышы толук ыктымал. Себебин жогоруда айтып өттүм. Булардын өз-өзүнчө кетиши да кеп эмес. Муну мурун да, азыр да айтып келем. Өздөрүнүн ичинде талаш-тартыш маселеси боло берет.
Ал эми кимдин лидер экендиги саясатта жасаган кадамдарынан көз каранды. “Саясатта-достук жок, болгону-кызыкчылык!" деп айтып келишкен да...
Шайлообек Дүйшеев, эл акыны:” Менин көз карашымда экөө тең башчылыкка жарабайт”
-Алар бир топ жылдан бери эле саясатта жүрүп иштеп келе жатышат. Колдорунан эч нерсе келбейт. Келсе ушул учурга чейин бир нерсе жасайт болчу. Менин көз карашымда экөө тең жарабайт. Депутат болсо машина, бензин, квартира бекер. Ошол себептүү эле алар депутаттык мандат талашып жатат. Жумуш оор болсо, азыркы саясатчылардын бири да ал орунду талашпайт эле. Эл бекер бакканы үчүн жандалбастап аракет кылышып жатат. “Республика – Ата журт" партиясынын эки лидерин тең колдобойм.