13 августа 2015, 12:40

Президент аппарат башчысынын орун басары Исаков Башкы прокуратурага кайрылды

Президенттик аппарат башчысынын орунбасары Сапар Исаков өткөн жылкы Ысык-Көлдөгү "Көчмөндөр оюнуна" байланыштуу маселелерди териштирүүнү Башкы прокуратурадан суранды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Исаковдун прокуратурага кайрылышына Чолпон-Атадагы ат майданды оңдогон "Темир канат" курулуш компаниясынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев аны айыптоосу негиз болгон.

Мергенбаев курулушка өкмөт 14 миллион сом карыз болуп калганын айтып, бирок Ак үйдүн көрсөтмөсү менен аткарылган жумуштун баасы ашыкча көрсөтүлгөн деген кине менен ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган. Бирок Исаков муну куру доомат деп төгүндөөдө.

Былтыр убакыттын чукулдугунан ат майданын оңдоп-түздөө иштери документтери даярдала электе башталган. Курулуш иштеринин ашыкча көрсөтүлгөн чыгымдарына байланыштуу Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы ага каршы кылмыш ишин козгогон. Ошол эле учурда "Темир канат" компаниясы 14 миллион сомду өндүрүп берүүнү сурап, өкмөттү сотко берген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020