Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында ЕАЭБге арналган атайын блок ачылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган блокто ЕАЭБге байланыштуу бардык материалдар камтылган. Блок 6 бөлүктөн турат.
“Евразиялык Экономикалык Комиссия” деген бөлүгүндө комиссиянын бардык иш аракеттери тууралуу маалыматтар камтылган.
Ал эми “Нормативдик база” бөлүгүндө колдонуучулар ЕАЭБдин бардык укуктук-нормативдик актылары менен тааныша алышат.
Калган 4 бөлүгүндө да керектүү документтердин үлгүсү жана ЕАЭБге тийиштүү бардык маалыматтар камтылган.