Бүгүн, 13-августта Бишкекте КСДП партиясынын шаардык конференциясы өттү. Ага шаардын баардык районунан 400гө жакын адам катышты. Конференциянын жүрүшүндө фракциянын 5 жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматтар берилип, күн тартибинде негиздүү делген, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, диний жана коомдук-саясый абал жана таза шайлоону камсыз кылуу маселелеринин тегерегинде талкуу жүрдү.
Ошондой эле, бүгүнкү жыйындын катышуучулары 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларга токтолушту. Конференциянын соңунда Бишкекте өтүүчү партиянын 14-съездине катыша турган 110 делегаттын талапкерлиги каралып, алар бир добуштан колдоого ээ болушту.