13 августа 2015, 18:08

Кыргызстандын калкы 5 миллион 955 миң адамге жетти

Кыргызстандын калкы 2015-жылдын 1-июлуна карата 5 млн 955 миң адамды түздү жана 2015-жылдын январь-июнь айларында 59,4 миң (1%) адамга көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Эң көп төрөлүү Баткен жана Ош областтарында, ошондой эле Бишкекте катталды, эң эле төмөнкү көрсөткүч Нарын жана Ысык-Көл областтарында (0,4-0,6%) белгиленген.

Январь-июнь айларында жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрүндө 78,6 миң наристе катталган. Калктын өсүшү 61,2 миң адамды түздү.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020