14 августа 2015, 09:46

ТИМдин статс-катчысы дипмиссиясынын аякташына байланыштуу Израилдин КРдагы элчиси менен жолукту

2015-жылы 13-августта КРнын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Д.Сыдыковдун резиденциясы Астана шаарындагы Израиль республикасынын Кыргыз республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элияу Тасман менен анын дипломатиялык миссиясынын аякталышына байланыштуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу, ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө статс-катчы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, адистик ишмердүүлүгүндө мындан ары дагы ийгилкитерди каалады.

Тараптар КР менен Израиль мамлекетинин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелердин алдыга жылышына жана бардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызыкчылыктардын тереңделишине ишеним билдиришти.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020