14 августа 2015, 10:32

Арстанбек Абдибалиев: “Өзгөн районуна сары ташты иштетип чыгаруучу беш завод курсак деген планым бар”

Өз жериндеги кен байлыкты иштете албай, мамлекетибиз чет жактан инвестор тартуу менен убара. Ал эми бүгүнкү каарманыбыз тескерисинче, өз жерибиздеги байлыкты кайра иштетип, экспортко чыгаруунун үстүндө кызуу иштеп жаткан чагы экен. Анда эмесе Кыргызстандагы “Сары-Таш” таш өндүрүп даярдоочу жана ташты кайра иштетүүчү ишканалар Ассоциациясынын төрагасы Арстанбек Абдибалиев бүгүн бизде конокто.

-Саламатсызбы Арстанбек Абдибалиевич, алгач сиз жетектеген “Сары-Таш” Ассоциациясынын тарыхы тууралуу кеп кылсак?

-Мен туулуп-өскөн региондо Жараткандын кудурети менен сары таш (мрамор) жаралып калган экен. Аны союз мезгилинде, тагырагы 1979-1980-жылдары окумуштуулар, геологдор тарабынан ташты изилдеп, курулуш ишине жарактуу таш делинип табылган соң, ошол мезгилден тарта мамлекеттин эсебине колдонулуп, союз ыдыраганга чейин иштелип келген. Советтер союзу таркагандан кийин, 1995-жылдар чамасында Бишкек шаарындагы геология агенттиги тарабынан жеке ишканаларга лицензиялар берилип, кайрадан иштетилип келген.

-Жеке өзүңүздө Сары-Ташты иштетүү планы качан пайда болгон?

-Ал эми жеке өзүмдүн кызыкчылыгым мындан 10-15 жылдар мурун башталып, ошол өзүбүздө, өз жеримде турган баалуу таштын пайдасы канчалаган элге жумуш болуп, канчасына сапаттуу үй курууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө көзүм жеткенде, ошол Сары-Таш кенинен жер алып, мыйзамдын негизинде лицензияга ээ болгон соң баш отум менен кириштим.

-Жергиликтүү элге Сары-Таштын жардамы тийип келди беле?

-Качан гана ал жердеги болуп жаткан иш-аракеттерди өз көзүм менен көрүп, жергиликтүү элдердин, район элинин кызыкчылыгы эске алынбай атканда, ошол мезгилдеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин ошол учурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин жардамы менен кирип ассоциация түзүү зарылчылыгы бар экенин айтканымда, колдоосун көрсөтүп, ишке ашырып берген. Ассоциация түзүүнүн максаты жергиликтүү элдин үнүн угуп, ошол жердеги кен байлыктын пайдасын район элине тийгизүү болуп саналат.

Сурооңузга жооп катары айта кетсем, жакынкы күндөрдө сметасы беш миллион сомду түзгөн Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолуна шагыл төшөө иши башталганы алдында турат.


-Сиз айткан Ассоциациянын курамында канча ишкана бар?

- Биринчилерден болуп Ассоциациянын кармагына ондой ишкана кирип, учурда жетимиштей ишкана чогулду. Ошол жетимиштей ишкананын жетекчилери бир добуштан мени Ассоциациянын төрагасы кылып шайлашкан.

-Сиздер айтып жаткан мрамор ташы чет мамлекеттерге дагы экспорттолуп жатабы же өлкө ичинендеги керектөөлөрдөн арта элекпи?

-Өзүбүздүн элге билинбегени менен дүйнө жүзүндө курулуш жаатында биздикиндей мрамор ташы жок. Башкача айтканда, бул сары таш кыргыз элинин курулуш жаатындагы бренди десек болот. Учурда биздин максат - жок эле дегенде Орто Азия регионуна жайылтуу. Керектөөчүлөргө камсыздап берели деген ойдо ошол жетимиш ишкана бир бааны коюп, буюрса, жакынкы кошуна мамлекеттерге чыгарылып жатат.

-Мисалы?

-Орусиядагы дүйнөлүк олимпиада өткөн Сочи шаарындагы стадиондун жасалгалануусуна биздин мрамордун жардамы тийди. Ошону менен катар Казакстандын Астана, Алматы шаарларынын ири курулуш объектилеринде ушул биздин сары-таш мрамору пайдаланылып келе жатат. Бул дегеним мамлекетибиз өнүгүү жолуна акырындан кадам таштады дегенди билдирет. Негизи качан гана биз чет жакка көбүрөөк товар чыгарганда гана өнүгүү жолуна түшөбүз. Биз азыр Кыргызстан 80-90%ын импорт менен жашайбыз да. Ушул көрсөткүчтү биз жок дегенде 50Х50 деңгээлине жеткиришибиз зарыл деп ойлойм.

Келечекте чакан жана орто бизнести өнүкүрүү менен, өз жерибизде кошумча жумушчу орундарды түзсөк, сыртта жүргөн мекендештерибизди кайтара алабыз деп ишенем.

-Жакынкы пландарыңыз жөнүндө бөлүшө кетсеңиз?

-«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» дегендей, жакынкы жылдарда Өзгөн районуна сары ташты иштетип чыгаруучу беш завод курсак деген пландар бар, алардын экөөсүн өзүм жеке каражатымдан курсам, калган үчөөнү инвесторлордун жардамы менен куруп алсак, жумушчунун санын учурдагы 2 миңдин ордуна беш миңге жеткирип алсам, мекенге деген салымым болмок. Бизден кийинки муундардын да келечеги жаркын болмок.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020