14 августа 2015, 11:13

Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы транспорттук текшерүүлөр кандай жүргүзүлөрү тууралуу түшүндүрмө берет

Экономика министрлиги Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргыз-казак чек арасындагы транспорттук текшерүү кандай жүргүзүлөрү тууралуу түшүндүрмө берет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, келишим күчүнө киргенден кийин мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы транспорттук текшерүү ЕАЭБдин тышкы чек араларына көчүрүлөт.

Транспорт министрлиги тарабынан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы пункттардан транспорттук текшерүүнүн ички стационардык посторуна жана КРнын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн баштап, ички салмак-ченемдик текшерүү пункттарына көчүрүүнү аныктаган буйрук чыккан.

Транспорттук текшерүү инспектору Кыргыз Республикасынын (чек арадан тышкаркы зона) аймагында жайгашкан ички транспорттук текшерүү постторуна өтүүгө даяр.

КРнын ЕАЭБдеги толук кандуу мүчөлүгү эл аралык жүктөрдү ташуу менен алектенген ата мекендик ташуучуларга Биримдиктин бирдиктүү бажы аймагы боюнча ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттер менен уруксатсыз негизде жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк берет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020