14 августа 2015, 11:34

Кулматов Украинанын элчиси менен жолугушту

Мэр Кубанычбек Кулматов Украинанын КР Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Дорошенко менен жолугушту. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдирүүсүнө ылайык, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Киев шаарларынын арасында кызматташуу талкууланды.

“Мен үчүн сиздердин шаарыңыздарда болуу чоң сыймык. Жылуу кабыл алгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз Бишкек жана Киев шаарларынын кызматташуусуна кызыктарбыз”,-деди Николай Дорошенко.

Жолугушуунун жыйынтыгында Украинанын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси калаа башчысы Кубанычбек Кулматовду сүрөт көргөзмөгө чакырды. Ошондой эле, аталган сүрөт көргөзмөнү Бишкекте өткөрүүгө жардам берүүнү суранды. Сүрөт көргөзмөнүн мааниси – украиналык аялдардын 19-20-кылымдардагы улуттук кийимдери көрсөтүлөт.

Ошондой эле, Николай Дорошенко эки шаарда тең кыргыз аялдары тууралуу сүрөт көргөзмө өткөрүүнү сунуштады.

Элчинин айтуусу боюнча мындай көргөзмөлөр маданияттын жакындашынын башаты.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020