14 августа 2015, 11:45

Доскул Бекмурзаев: «Эл менен сен бийиксиӊ!»

Бекмурзаев Доскул – заман жүгүн көтөргөн азаматтардын бири. Кайсы тармакта иштебесин ийгилик жарата алган адис. Ой тапкыч, жол тапкыч, өз иш стили бар жетекчи. Ошол жигит бүгүн бизде конокто.

- Сиздин өмүр баяныӊызга көз чаптырган адам эӊ оболу жогорку окуу жайын 12 жылда бүтүргөнүӊүздү байкайт экен?
.
- Ооба. Мен 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Энергетика» факультетине өткөндө жүрөк оорудан апам каза болуп калды. Апам менен атам эгиз жандай болуп калышкан экен: аябай кыйналып, күйүткө алдырып атып, 3 жылдан соӊ атам каза болду. Мен анда 3-курста окуп калган элем. Окууну токтотуп, айылга кетүүгө туура келди. Кайра 6 жылдан кийин гана келип, окуумду улантып, дипломго ээ болдум.

- Энергетика тармагындагы эмгек жолуӊуз кайдан башталды?

- 2001-жылы Манас РЭСине караштуу Покровка участогунда мастер болуп эмгек жолумду баштадым. Бир жылдан соӊ Кара-Буура РЭСине башкы инженер болуп которулдум. 2004-жылдан Бишкек шаарынын «Западный» РЭСинде ырынан чыры көп карыз абоненттерди өчүрүү боюнча бөлүмдө ага мастер болуп ишти уланттым.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеӊештин жарыгын мен өчүргөм. Анткени, Жогорку Кеӊештин дебитордук карызы аябай көбөйүп, кардиналдуу кадамдарга баруу зарылдыгы турган. Бул иште жетекчилерден (начальник, инженер) эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала алган эмес. Ошентип, өлкөдөгү негизги бийлик органдарынын бири Жогорку Кеӊеш бир нече убакытка жарыгы жок калган. Эртеси КТРди да өчүрөбүз деп калганыбызда, алар «төлөйбүз» деп чыгышты. Ошондой тайманбас кадамдардан кийин мени Кара-Буура районунун РЭСине начальник кылып жөнөтүштү. Таласта экономикалык жагдай оор болуп, дебитордук карыздар көбөйүп кеткендиктен, акча ордуна натура түрүндө фасоль жыйноо чечими кабыл алынган эле. 750 тонна фасоль чогултуу тапшырмасы коюлган, биз 1100 тонна фасоль чогулттук. Андан кийин Ош шаарындагы «Ошэлектро» ачык акционердик коомунун генералдык директорунун биринчи орун басары болуп дайындалдым. Андан кийин кайра Бишкекке келип, «Бишкекэнергосбытында» начальниктин орун басары, 2006-жылдан начальник болуп иштедим.
2007-жылдан кайрадан «Ошэлектро» Генералдык директорунун биринчи орун басары болуп иштеп, 7 айдан кийин Гендиректор болдум. Ошол учурда мага үч жолу кол салуу уюштурулган. Телефондон коркутуулар, «үйүӊдү өрттөйбүз», «соо койбойбуз» дегендер болгон. Бул боюнча маалыматтар гезиттерге чыгып, кыйла дүӊ болгон. Бул иштин кабары андагы Президент Курманбек Бакиевге чейин жеткен. Ушундай жагдайга карабай, Ошто 2 жыл иштедим. Оштун элине рахмат. Ошто иштеген жылдар мен үчүн чоӊ турмуштук мектеп болду. Көп кишилер менен иштештим. Ушундай мүмкүнчүлүк бергенине кудайга миӊ мертебе шүгүр.

- Улам чоӊоюп келаткан кызматтык тепкичтериӊиз кандайча токтоп калды?

- Сиздерге маалым болгондой, 2009-жылдан тарта энергетика тармагында реформалар, шашылыш, анан ойлонулбаган приватташтыруу башталды. Электр энергиясына болгон тарифтер эки эседен ашык көтөрүлүп, элдин нараазылыгы жетчү чегине жетти. Бул маселелердин тегерегинде ошол кездеги министр менен көп пикир келишпестиктер болуп, өз арызымдын негизинде кызматтан кеттим.

- Ушунчалык чоӊ тажрыйбасы бар адис жумушсуз калдыбы?

 

- Бизнес тармагына кирдик. Жеке эле өз капчыгымды ойлобой, элге керектүү социалдык объектилерди да курдук. Өз айылыбызда жол салдык, мечит салдык.
2013-жылдан тарта кайрадан мамлекеттик кызматка чакырылып, 2015-жылга чейин КР Эмгек, миграция жана жаштар министринин кеӊешчиси, саясат башкармалыгынын башчысы, статс-катчысынын милдетин аткаруучу, министрдин орун басары кызматтарында болдум. Иштеп турганда 2000 дей кыргыз мигранттарын «кара тизмеден» чыгардык. Москвада Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүн ачуу келишимине жетиштик. Бул иште Россиянын Федералдык Миграция Кызматынын жетекчиси Константин Олегович Ромодановский бир чети өнөктөшүм, бир чети устатым болду. Ал киши менен тыгыз кызматташып, Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон көп иштер жасалды.

- Энергетика тармагындагы дасыккан адис катары айтсаӊыз. Бул тармакта азыр кандай иш жасалышы керек?

- Мында эӊ чоӊ көйгөй башкаруу системасы жолго коюлбай келет. Электр тармагында эки баш бар: энергетика министрлиги жана мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет. Ачык акционердик коомдордун Директорлор Кеӊешин мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет дайындайт. Директорлор Кеӊеши министрге баш ийиши үчүн мыйзамдык база жок. Негизи бир эле адам башкарыш керек.
Энергетикадагы чоӊ көйгөй контролерлордун уурдап жатышы деп калышат. Мен ичтен билген адам катары айтайын: контролерлордун уурдашы чоӊ сумманы түзбөйт. Алардын уурдоосуна система өзү негиз түзүп жатат. Анткени тармакта иштегендердин айлык маянасы аз. Негизи электр сатуу тармагын бир кварталдын ичинде тартипке келтирсе болот. Ал эми жалпы энергетика системасын эки жылда толук рентабелдүүлүккө чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

- Электр энергиясына болгон баанын кымбатташы эмнеге байланыштуу?

-Баанын көтөрүлүшү инфляцияга байланыштуу. Энергетикада керектелүүчү жабдыктар улам кымбат келүүдө. Системаны үзгүлтүксүз кармап туруу, тейлөө, жабдыктарды жаӊылоо эбегейсиз каражатты талап кылат. Ошонун баары баага таасир этет. Туура эмес менеджментте болуп жатат маселе. Энергетиканы өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасы деген болуш керек. Ток өндүрүп чыгуу жана аны колдонуунун алдын ала эсептөөлөрү болуш керек. Керектөө улам көбөйүп жатат. Экономика министрлиги менен чогуу жылдык керектөө канча болорлугу эсепке алынып, ошого жараша аракет болуш керек.

- Жаӊы бийликтин келиши менен башталган Жогорку Нарын каскаддарынын курулушу неге токтоп калды деп ойлойсуз?

- Бул маселенин саясий жагы көбүрөөк го дейм. Дүйнө жүзүндө биздин энергетикага акча салабыз деген компаниялар көп. Аларды да караштырып көрүү керек. Бирок инвесторлор эӊ оболу салган каражатынын кайтарымын ойлоору түшүнүктүү. Энергетика тармагына олуттуу инвестициялар келиши үчүн өлкөбүздө саясий стабилдүүлүк керек. Андан сырткары ар бир жөнөкөй жаран каржылардын кайдан келип, кандайча сарпталып жатканын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керек.

- Учурда кандай иш менен алексиз?

- Азыр жеке ишкерлик жана коомдук иштер менен алекмин. Былтыр Манас районунунун 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө орчундуу салым коштук. Аталган районго өз атымдан бала бакча салып берем деп убада кылган элем. Азыр ошол иштин өтөөсүнө чыгуу аракетиндемин. 2013-жылдан бери Талас облусунун улуттук күрөш федерациясынын Президентимин. Бул да чоӊ каражатты талап кылган иш. Үй-бүлөм, ишкер достор менен чогуу 8-9 жыл ичинде социалдык долбоорлорго 700-800 миӊ доллар коротуптурбуз. Элге кызмат кылалы, элдин жүгүн көтөрөлү. Акылыӊ жетип, колуӊан келерин билип туруп, ошол ишти жасабай койсоӊ кудайга деле жакпайт болуш керек. Кудай деген кур калбайт дейт. Кайсы иш болбосун, адамдын жүрөгүндө тазалык болуш керек. Ошондо иш жылат.
Менин турмушта бир принцибим бар. Кайсы жерде иштебе артында жакшы сөз, жакшы ишиӊ калыш керек. Артыӊда калган урпактарыӊ сенин иштериӊ менен суктангандай болуш керек. Эл менен сен бийиксиӊ, элден чыксаӊ кийиксиӊ дейт эмеспи.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020