14 августа 2015, 14:41

Кой-эчкилерге эмдөө үчүн 2,5 млн доза дары алынды

Мамлекеттик ветеринария инспекциясына бруцеллезго каршы эмдөө жүргүзүш үчүн 2,4 млн доза REV-1 вакцинасы сатылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1" долбоорунун жардамы менен алынган дарыларды Мамлекеттик ветеринария инспекциясы өзүнүн райондордогу бөлүмүнө таратып берет. Мындан кийин райондук ветеринардык инспекциялар менен иштешкен жеке менчик ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзөт.

Сатылып алынган дарынын жалпы суммасы 11,7 млн сомду түздү.

Эскерте кетсек, REV-1 вакцинасын колдонуу Кыргызстанда 2008-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020