14 августа 2015, 14:57

18-августта «Кыргызстан» партиясы съезд өткөрөт

Бүгүн, 14-августта борбордогу улуттук тарых музейинде «Кыргызстан» партиясы Бишкек шаардык жана Чүй облустук конференциясын өткөрдү. Партиянын Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы активдүү мүчөлөрү жыйналышта өлкөдөгү экономикалык-социалдык маселелерди талкууга алышып, ошондой эле партиянын алдыдагы кезексиз съездинде карала турган ички маселелерге да көӊүл бурушту.

Мында негизинен «Кыргызстан» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын долбоору партиялаштар тарабынан талданып, шайлоо алдындагы саясий бирикменин даярдыктары жөнүндө сөз болду. Натыйжада, конференцияга катышкан 500дөн ашуун мүчөлөрдүн арасынан 400гө чукул адам «Кыргызстан» партиясынын 18-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармониясында өтүүчү кезексиз съездине делегат катары добуш берүү жолу менен шайланышты.

Ошондой эле, партконференцияга катышкан активисттер алдыдагы боло турган шайлоо мыйзам бузууларсыз жана таза жол менен өтөөрүнөн жана анда «Кыргызстан» партиясы татыктуу добуш алып, парламентке келээринен үмүтү чоӊ экендигин билдиришти. Кошумчалай кетсек, партконференцияда делегат шайланган активисттер 18-августтагы съездде партиянын шайлоо алдындагы программасын бекитип, партиядан талапкерлердин тизмесин да жактырууга тийиш. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020