14 августа 2015, 16:00

Өлкө башчыга кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик чек арадагы жалпы абал тууралуу, чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канаатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Ошондой эле Раимберди Дүйшөнбиев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын  кыргыз-казак участкасындагы бажы көзөмөлүн  алып таштоого байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда мындан тышкары Мамлекетик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташуусун кеңейтүү маселелери талкууланды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020